• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Роман Царев грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамадан четтетилди

Спорт 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Спортчунун этикасынын кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командадан Роман Царев 23-декабрдан тартып четтетилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кодекстин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жоруктарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөрү белгиленген.

Эскерте кетсек, аталган кодекс 2017-жылдын 3-майында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 11-12-январында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатында Роман Царев 72 кг салмак категориясында 1-орунду ээлегендиги үчүн улуттук курама командасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий