• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Роналду 36 хет-трик жасап, "Барселона" клубунун оюнчусу Лионель Мессиден ашып өттү

Спорт 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду хет-триктин (3 гол) саны боюнча "Барселона" клубунун оюнчусу Лионель Мессини артта калтырды. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Футбол боюнча Италиянын биринчилигинин 18-турунда "Ювентус" командасы "Кальяри" клубун 4:0 эсебинде утуп алды. Анда Роналду 3 гол киргизгенге үлгүргөн.

Португалиялык оюнчу карьерасында 36 хет-трик жасап, "Барселона" клубунун оюнчусу Лионель Мессиден ашып өттү.

Белгилей кетсек, Роналду футбол боюнча Италиянын биринчилигинде алгачкы жолу каршылашына 3 гол киргизди.

Пикир

Оставить комментарий