• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду 4 гол! Португалиянын курамасы Литваны 5:1 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча 2020-жылы өтө турган Европа биринчилигинин тандоо турунун алкагында Португалиянын курамасы Литванын командасы менен оюн өткөрдү. Беттеш 5:1 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады.

Ал оюнда Криштиану Роналду 4 гол жаратканга жетишти. Беттештин 7, 61, 65 жана 76-мүнөтүндө гол киргизди.

Литванын оюнчусу Витаутас Андрюшкявичюс оюндун 28-мүнөтүндө каршылашынын дарбазасына топту сүзүп кергизди. Ал эми, 92-мүнөтүндө Португалиянын жарым коргоочусу Вильям Карвалью жыйынтыктоочу 5-топту киргизди.

Роналдунун Улуттук курамда киргизген 93-голу болду. Дүйнөлүк рекордду басып өтүш үчүн дагы 16 гол киргизиши керектелет. Ал рекорд Ирандын курамасынын чабуулчусу Али Даеиге таандык (109 гол).

Ошондой эле, 34 жаштагы оюнчунун Португалия курамасында ойногон 160-оюну болду. Европалык рекордду жаңылаш үчүн дагы 16 дүйнөлүк рекордду басып өтүү үчүн 24 оюн өткөрүш керек.

Пикир

Оставить комментарий