• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Роналду Чемпиондор лигасында Месси койгон рекордду жаңылады

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Турин шаарында Чемпиондор лигасынын 5-турунда "Ювентус" клубу "Динамо" командасын 3:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Аталган беттеште Криштиану Роналду бир гол жараткан. Роналду Чемпиондор лигасында "Ювентустун" талаасында ойноп, 71 гол киргизди. Бул көрсөткүч менен португалиялык оюнчу буга чейин "Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси койгон рекорддон (70 гол) ашып өттү.

Ошондой эле Роналду өзүнүн карьерасында жалпы 750 гол киргизген.

Белгилей кетсек, эки команда Чемпиондор лигасынын G тайпасында орун алган. 5-турдун жыйынтыгында "Ювентус" 12 упай менен экинчи орунда, "Динамо" клубу бир упай менен акыркы орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий