• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду Чемпиондор лигасында Месси койгон рекордго жетти

Спорт 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Турин шаарында Чемпиондор лигасынын 4-турунда "Ювентус" клубу "Ференцварош" командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Аталган беттеште Криштиану Роналду бир гол жараткан. Роналду Чемпиондор лигасында "Ювентустун" талаасында ойноп, 70 гол киргизди. Бул көрсөткүч менен португалиялык оюнчу буга чейин "Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси койгон рекордго жетти.

Белгилей кетсек, Эки команда Чемпиондор лигасынын G тайпасында орун алган. 4 турдун жыйынтыгында "Ювентус" 9 упай менен экинчи орунда, "Ференцварош" клубу бир упай менен акыркы орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий