• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Роналду Европанын алдыңкы 5 лигасында алгачкылардан болуп 450 гол киргизди

Спорт 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Европанын алдыңкы 5 лигасында алгачкылардан болуп 450 гол киргизди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Футбол боюнча Италиянын чемпионатынын 2-турунда "Ювентус" менен "Рома" командалары оюн өткөрдү. Анда Роналду 2 гол киргизди.

Европанын алдыңкы 5 лигасында 450 гол киргизүү үчүн португалиялык футболчуга 554 оюн керектелген. Ал "Ювентустун" катарында 55 гол, "Реалдын" катарында 311, "Манчестер Юнайтед" командасынын катарында 84 гол киргизген.

Ошол эле учурда "Барселонанын" капитаны Леонель Месси 486 оюнда 445 гол жараткан.

Эскерте кетсек, Роналду 2018-жылы "Реал" командасынан "Ювентус" клубуна 117 млн еврого өткөн. Анын аталган клуб менен келишими 2022-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий