• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Роналду футбол боюнча Италия биринчилигинин мыкты оюнчусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Италияда футбол боюнча 2018-2019-жылкы сезондогу мыкты оюнчу, калыс жана машыктыруучу аныкталды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Италиянын Милан калаасында 2-декабрда Италиянын футбол ассоциациясынын версиясы боюнча "Gran Galà del Calcio" сыйлыгы мыктыларга тапшырылды.

Мыкты дарбазачысы: Самир Ханданович ("Интер");

Мыкты оюнчу: Криштиану Роналду ("Ювентус");

Мыкты коргоочу: Жоау Канселу, Джорджо Кьеллини ("Ювентус"), Калиду Кулибали ("Наполи"), Александар Коларов ("Рома");

Мыкты жарым коргоочу: Миралем Пьянич ("Ювентус"), Йосип Иличич ("Аталанта"), Николо Барелла ("Интер");

Мыкты чабуулчу: Криштиану Роналду ("Ювентус"), Дуван Сапата ("Аталанта") жана Фабио Квальярелла ("Сампдория");

Мыкты команда: "Аталанта";

Мыкты машыктыруучу: Джан Пьеро Гасперини "Аталанта";

Мыкты калыс: Джанлука Рокки.

Пикир

Оставить комментарий