• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду Гиннес рекорддор китебине голдорунун саны боюнча кирди

Спорт 0

Бишкек, 03.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Криштиану Роналду футбол боюнча Португалиянын курама командасынын катарында (2003-2021-жылдары) киргизген голдорунун саны 111ге жетип, дүйнөлүк рекорд койду.

Ал Португалия менен Ирландиянын командалары беттешкенде эки гол киргизгенге жетишкен. Роналду буга чейинки Ирандын курамасынын оюнчусу Али Даеи койгон рекорддон (109 гол) ашып өткөн.

Футболчу өзүнүн инстаграмдагы баракчасына эл аралык футболдук беттештерде жараткан голдорунун саны боюнча Гиннес рекорддор китебине киргендигин тастыктаган сертификат менен кошо сүрөткө түшкөнүн киргизген.

“Гиннес рекорддор китебине ыраазычылык билдирем. Дүйнөлүк рекордсмен катары таанылуу жакшы сезимди калтырат. Мындан ары да рекорд коюуну уланталы”, - деп жазат спортчу.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий