• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Роналду "Globe Soccer Awards" сыйлыгынын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу деп табылды

Спорт 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. "Ювентус" жана Португалиянын командасынын оюнчусу Криштиану Роналду "Globe Soccer Awards" сыйлыгынын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Дубайда өткөн сыйлык тапшыруу аземинде Роналду "Ливерпуль" клубунун коргоочусу Вирджил ван Дейк жана чабуулчусу Мохамед Салах, "Барселона" командасынын жылдызы Лионель Мессини артта калтырып, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдын мыкты оюнчусу деп аталды.

Португалиялык оюнчу аталган сыйлыкка алты жолу татыган.

Эскерте кетсек, Роналду футбол боюнча Италиянын биринчилигинин быйылкы сезонунда 14 оюн өткөрүп, 10 гол жараткан.

Пикир

Оставить комментарий