• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду Италия чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты португалиялык бомбардир болду

Спорт 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду "Болонья" командасына каршы оюнда гол киргизгенге жетишти. Оюн футбол боюнча Италиянын чемпионатынын А сериясынын (жогорку дивизион) 27-турунун алкагында өткөн.

Беттеш кечээ, 22-июнда өтүп, 2:0 эсебинде "Ювентус" клубу жеңип алды. Голду Роналду менен Дибала киргизди.

Португалиялык оюнчунун "Болонья" командасынын дарбазасына киргизген тобу Италия чемпионатындагы 43-голу болду. Бул бардык португалиялык оюнчулар арасындагы эң мыкты жетишкендик. Роналду "Фиорентина" жана "Милан" командасынын оюнчусу Руй Коштадан (42 гол) ашып өттү.

Эскерте кетсек, португалиялык оюнчу "Ювентус" клубуна 2018-жылы 117 млн еврого өткөн.

Пикир

Оставить комментарий