• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Роналду канча жашка чейин футбол ойной турганын айтты

Спорт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 40 жашка чейин футбол ойной турганын билдирди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Португалиялык оюнчу кечээ, 5-февралда 35 жашка чыкты.

"Физикалык көрсөткүчтү алсак өзүмдү жакшы сезип жатам. 40 жашка чейин жогорку деңгээлде футбол ойной алам деп ишенем. Эң негизги фактор – бул психологиялык абал. Кандай гана болбосун бир күнү футболдук карьерамды токтотом. Бирок, азыр ойноп, бийиктиктерди багынтууга даярмын", - дейт Роналду.

Эскерте кетсек, Роналду "Ювентуска" 2018-жылдын жай мезгилинде өткөн. Быйылкы сезондо 19 гол киргизип, чабуулчулар тизмегинде экинчи орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий