• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Роналду карьерасындагы 700-голун киргизди

Спорт 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Португалия курамынын оюнчусу Криштиану Роналду 2020-жылы өтө турган футбол боюнча Европа биринчилигинин алкагында Украинанын командасына карьерасындагы 700-голун киргизди. Бул тууралуу Sky Sports телеканалы билдирет.

В тайпасында орун алган Португалия менен Украинаны командалары бүгүн, 15-октябрда беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде Украинанын пайдасына чечилген.

Роналду оюндун 72-мүнөтүндө айып соккусун тээп гол киргизди. Ал гол португалиялык оюнчунун карьерасындагы 700-голу болду.

Белгилей кетсек, Криштиану Роналду "Алтын топтун" беш жолку ээси, Португалиянын курамында Европа чемпиону болгон жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыган.

Пикир

Оставить комментарий