• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Роналду "Легенда"! Сыйлык тапшыруу аземине Флорентино Перес да келди

Спорт 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Португалиялык оюнчу Криштиану Роналду Marca гезитинин "Легенда" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы билдирет.

Сыйлык тапшыруу аземи Испанияда орун алып, ага "Реалдын" президенти Флорентино Перес жана Роналдунун агенти Жорже Мендеш катышкан.

Балдар менен баарлашуу учурунда португалиялык оюнчу мадриддик "Реал" клубун сагынып жатканын билдирген.

Роналду өз карьерасындагы кылган эмгеги үчүн "Легенда" сыйлыгы тапшырылган.

Аталган сыйлык 1997-жылдан бери мыкты спорт чеберлерине ыйгарылат. Аны Лионель Месси, Диего Марадона, Майкл Фелпс, Михаэль Шумахер, ошондой эле Майкл Джордан да алган.

Эскерте кетсек, өткөн сезондо Роналду биринчи жолу өзүнүн карьерасында Италиянын чемпиону аталган. Жалпы жонунан 29 сыйлыгы бар.

Пикир

Оставить комментарий