• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду менен Месси жеңилди! УЕФА Виржил ван Дейкти "Мыкты оюнчу" деп тапты

Спорт 0

Бишкек, 30.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Европа футбол ассоциацияларынын бирикмеси (УЕФА) "Ливерпуль" клубунун коргоочусу Виржил ван Дейкти 2018-19-жылдагы сезондун "Мыкты оюнчусу" деп тапты.

Голландиялык оюнчудан сырткары аталган сыйлыкка "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду, "Барселона" клубунун жылдызы Лионель Месси да талапкер болгон.

Ван Дейк "Ливерпулдун" курамында Чемпиондор лигасын жана УЕФАнын Суперкубогун жеңген. Голландиянын курамында Улуттар лигасында да ойногон.

Белгилей кетсек, Лионель Месси Чемпиондор лигасынын 2018-19-жылдагы сезонунун "Мыкты чабуулчусу" деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий