• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Роналду: Мени чакырбай калганда гана улуттук курамадагы оюнумду токтотом

Спорт 0

Бишкек, 23.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Португалиянын курама командасында дагы канча ойной турганын билдирди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Мен Португалия курамасынын катарында ойноодон баш тарткан жокмун. Менде күч-кубат болуп турганда улуттук курамага барууга дайыма даярмын. Мени чакырбай калганда гана улуттук курамадагы оюнумду токтотом ", - деген Роналду.

Оюнчу Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигине да катышып калышы мүмкүн экенин айтат.

"Португалия курамасы менен көп жакшы учурларды өткөрдүм. Айрыкча акыркы беш жылды белгилеп айтсам болот. Кураманын намысын коргоо мага жагат", - деген спортчу.

Пикир

Оставить комментарий