• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Роналду, Месси, Неймар дүйнөдөгү эң бай жылдыздардын ондугуна кирди

Дүйнө 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай 10 жылдыздын тизмегин түзгөнүн Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Аталган басылманын маалыматы боюнча "Ювентус" клубунун жана Португалиянын курамасынын оюнчусу Роналду (105 млн доллар) төртүнчү сапка жайгашкан. Ал эми "Барселонанын" капитаны Лионель Месси (104 млн доллар) бешинчи сапка, "ПСЖ" клубунун футболчусу Неймар (95,5 млн доллар) жетинчи орунга илинген.

Дүйнөдөгү эң бай 10 жылдыздын тизмегине төмөнкү адамдар кирди:

1. Кайли Женнер (модель) – 590 млн доллар

2. Канье Уэст (рэпер) – 170 млн доллар

3. Роджер Федерер (теннисчи) – 106,3 млн доллар

4. Криштиану Роналду (футболчу) – 105 млн доллар

5. Лионель Месси (футболчу) – 104 млн доллар

6. Тайлер Перри (актер) – 97 млн доллар

7. Неймар (футболчу) – 95,5 млн доллар

8. Говард Стерн (алып баруучу) – 90 млн доллар

9. Леброн Жеймс (баскетболчу) – 88,2 млн доллар

10. Дуэйн Жонсон (актер) – 87,5 млн доллар.

Пикир

Оставить комментарий