• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду, Месси жана ван Дейк – FIFA версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчу наамына талапкер

Спорт 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду, "Барселонанын" жылдызы Лионель Месси жана "Ливерпулдун" коргоочусу Вирджил ван Дейк Эл аралык футбол федерасыясынын (FIFA) версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчу наамына талапкер болууда. Бул тууралуу FIFA уюмунан билдиргенин Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

FIFAнын сыйлык тапшыруу аземи Милан шаарында 23-сентябрда өтөт.

Эл аралык футбол федерациясынын жылдын мыкты оюнчу наамы 1991-жылдан бери өзгөчөлөнгөн оюнчуларга жыл сайын тапшырылып келет. 2010-2015-жыл аралыгында жылдын мыкты оюнчусу менен "Алтын топ" наамы биригип, бир оюнчуга берилип келчү.

2016-жылы FIFA уюму кайрадан бөлүнүп, жылдын мыкты оюнчу наамын өзүнчө бере баштаган.

Пикир

Оставить комментарий