• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Роналду мыкты оюнчу деген белгини тагынып жүрүүдөн баш тартты

Спорт 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду Италиянын А сериясынын былтыркы сезонунун мыкты оюнчусу деген белгисин футболкасына тагынып жүрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Былтыркы сезондун жыйынтыгы менен А сериясында өздөрүн мыкты көрсөткөн футболчуларга атайын белгилер тапшырылган.

Мыкты аталгандардын катарында Самир Ханданович (мыкты дарбазачы), Николо Заниоло (мыкты жаш оюнчу), Калиду Кулибали (мыкты коргоочу), Сергей Милинкович-Савич (мыкты жарым коргоочу), Фабио Квальярелла (мыкты чабуулчу) жана Криштиану Роналду (мыкты оюнчу) болгон.

Бирок, португалиялык спортчу өзүн "Ювентустагы" башка оюнчуларынан өйдө койгондой болбош үчүн мыкты деген белгини тагынып жүрүүдөн баш тарткан деп жазат Marca.

Пикир

Оставить комментарий