• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду ойногон Италиянын чемпионаты качан старт алары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын чемпионатынын 2021/22 сезону үстүбүздөгү жылдын 22-августта старт алат. Бул тууралуу аталган лиганын расмий сайтында айтылганын Р-спорт басылмасы билдирет.

Кечээ, 12-июлда, А сериясынын башкармалыгы жаңы сезондун жана Италиянын кубогу качан болорун аныкташты. Ага ылайык, чемпионаттын акыркы оюну 2022-жылдын 22-майында болсо, Италиянын кубогу үчүн беттеш 11-майда өтөт.

Ал эми Италиянын суперкубогунун күнү азырынча белгилүү боло элек.

Эскерте кетсек, “Интер” командасы А сериясынын учурдагы чемипиону.

Пикир

Оставить комментарий