• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналду улуттук курамдын катарында дагы 12 гол киргизсе дүйнөлүк рекордду жаңыртат

Спорт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Португалиянын оюнчусу Криштиану Роналду Литванын командасына каршы оюнда 3 гол киргизди. Ал улуттук курамдын катарында киргизген 98-голу болгонун sports.ru басылмасы жазып чыкты.

Оюн 2020-жылы өтө турган футбол боюнча Европа биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлгөн.

Португалиянын курамасы Литванын командасын 6:0 эсебинде жеңип алган. Роналду ал оюнда хет-трик жасаганга жетишти. Португалиянын катарында киргизген голдорунун саны 98ге жетти. Учурдагы дүйнөлүк рекорддун ээси 109 голу менен ирандык Али Даеи.

Португалиялык оюнчу дүйнөлүк рекордго жетиш үчүн 11 гол, аны ашып өтүш үчүн 12 гол киргизиши керек.

Европа биринчилигинин тандоо турундагы оюндарда Роналду 5 беттеште 10 гол киргизгенге жетишти.

Белгилей кетсек, 34 жаштагы оюнчу Португалия курамасынын катарында 163 оюн өткөргөн. Европа рекордун жаңыртыш үчүн дагы 13 оюн, дүйнө рекордун ашып өтүш үчүн 21 оюн өткөрүүсү керек.

Пикир

Оставить комментарий