• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Роналду XXI кылымдын мыкты оюнчусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу, Португалиянын курамасынын капитаны Криштиану Роналду XXI кылымдын мыкты оюнчусу аталып, Globe Soccer Awards сыйлыгын утуп алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, Globe Soccer Awards сыйлыгынын сайтында Роналду сурамжылоонун 38 пайызын топтогон. Андан кийинки орундарга "Барселонанын" капитаны Лионель Месси (24%), "Ливерпуль" клубунун оюнчусу Мохамед Салах (23%), "Барселонанын" мурдагы оюнчусу Роналдиньо (14%) илинген. Ал эми "Бавариянын" оюнчусу Роберт Левандовски 2020-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий