• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Роналду өзүнүн клубдашы Сами Хедираны "нокдаунга" кетирип салды – видео

Спорт 0


Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Италиянын футбол боюнча чемпионатынын 23-чү турунда "Сассуоло" менен "Ювентус" клубдарынын беттешинде жагымсыз окуя орун алды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Оюн учурунда топ Криштиану Роналдунун колуна тийип кеткендиктен калыстын ышкырыгы жаңырган.

Ызаланган "Ювентустун" чабуулчусу топту ары тарапка тепкенде өзүнүн клубдашы Сами Хедираны бетине тийип, газонго жатып калган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Видеодо байкалгандай, Роналду топту тепкенде Хедиранын бетине тийгенин дароо байкаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий