• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Роналду жаңы рекорд! Португалиянын мыкты оюнчу наамын 10-жолу Роналду алды

Спорт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Португалияда өлкөнүн мыкты оюнчу наамын тапшыруу аземи болуп өттү. Криштиану Роналду 10-жолу аталган сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

"Ювентус" клубунун чабуулчусу Роналду финалдык мелдеште "Атлетико" командасынын оюнчусу Жоау Фелишти жана "Манчестер Ситинин" жарым коргоочусу Бернарду Силваны артта калтырды.

Былтыркы сезондо португалиялык оюнчу "Ювентустун" курамында Италия биринчилигин жана Португалиянын курамында Улуттар лигасын жеңген.

Эскерте кетсек, Криштиану Роналду, "Барселонанын" жылдызы Лионель Месси жана "Ливерпулдун" коргоочусу Вирджил ван Дейк Эл аралык футбол федерасыясынын (FIFA) версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчу наамына талапкер болууда.

Пикир

Оставить комментарий