• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Роналдунун күйөрманы!. "Реал" менен "Брюгге" командалары 2:2 эсебинде тең чыгышты

Спорт 0


Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын алкагында мадриддик "Реал" командасы "Брюгге" менен оюн өткөрүп, 2:2 эсебинде тең чыгышты.

Оюндун 9чу жана 39-мүнөттөрүндө "Брюггенин" оюнчусу Эммануэль Деннис гол киргизди. Деннис "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналдуну туурап экинчи голун майрамдады.

Экинчи бөлүктө мадриддиктер өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп эки гол киргизгенге жетишти. Оюндун 55-мүнөтүндө Серхио Рамос башы менен топту сүзүп, эсепти 2:1ге айлантты. Ошондой эле, 85-мүнөтүндө Каземиро "Реалды" куткарып калды. Оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, мурунку оюнда "Реал" франциялык "ПСЖга" 3:0 эсебинде утулуп калган. А тайпасына жайгашкан испаниялык клуб саптын акыркы орунунда турат.

Пикир

Оставить комментарий