• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналдунун кайгысы. Португалия командасы чемпионаттан четтетилди

Спорт 0

Бишкек, 01.07.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 1/8 финалында Португалия мененУругвайдын курамакомандалары арасында оюн өттү. Оюн 2:1 эсебинде Уругвай командасы утуп алды.

Оюндун 7-мүнөтүндө Суарестин көтөргөн тобун Кавани башы менен сүзүп гол киргизди. 54-мүнөтүндө сол капталдан чыгарган топту Португалиянын коргоочусу Пепе башы менен сүзүп эсепти 1:1ге айлантты. 62-мүнөтүндө Уругвайдын чабуулчусу Кавани кайрадан гол киргизип командасын алдыга чыгарды.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 1-июлда саат 20:00дө Испания менен Россиянын курама командалары ортосунда болот.

Пикир

Оставить комментарий