• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Роналдунун хет-триги Испания командасы менен тең чыгууга алып келди

Спорт 0

Бишкек, 16.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын В группасындагы Испания менен Португалия мамлекеттеринин командалары беттешти. 16-июндагы оюнда Роналду хет-трик жасаса, Диего Коста дубль жасоо менен өзгөчөлөндү.

1-таймдын 3-мүнөтүндө Криштиану Роналдуга орой ойногондугу үчүн 11 метрлик айып соккусу белгиленди. 11 метр аралыктан Роналду өзү тээп гол киргизди. 23-мүнөтүндө Диего Коста Португалиялык коргоочуларды алдап өтүп тепкен тобу голго айланды. 44-мүнөтүндө Криштиану Роналду чыгарып берген топту сол буту менен тээп гол киргизди.

2-таймдын 55-мүнөтүндө Диего Коста сол тараптан көтөргөн топту каршылашынын дарбазасына узатты. 58-мүнөтүндө Испаниянын коргоочусу Начо узактан тээп эсепти 3:2ге айлантты. 87-мүнөтүндө Роналду кайрадан гол киргизип эсепти 3:3кө өзгөрттү.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 16-июнда саат 16:00до Франция менен Австралия командасы арасында беттеш өтөт.

Пикир

Оставить комментарий