• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Роналдунун Португалиянын курамасынын катарында киргизген голдорунун саны 100дөн ашты

Спорт 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Криштиану Роналдунун футбол боюнча Португалиянын курамасынын катарында киргизген голдорунун саны 100дөн ашты.

УЕФАнын Улуттар лигасында Португалиянын командасы Швециянын курамасы менен оюн өткөрдү. Беттеш 2:0 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады. Эки голду тең Роналду киргизди.

Эки гол оюнчунун португалиялык курамадагы 100 жана 101-голу болду.

Роналду Португалиянын курамасынын катарында 100дөн ашык гол жараткан европадагы биринчи, дүйнөдөгү экинчи оюнчу. Дүйнөдө Ирандын курамасынын футболчусу Али Даеи (109 гол) биринчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий