• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Роскомнадзор Amazon компаниясынын миллиондогон IP-адресин жапты

Дүйнө 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Роскомнадзор америкалык Amazon компаниясынын эки миллионго жакын IP-адресине бөгөт койду. Буга чейин Телеграм мессенжери тыюу салууларды жазгыруу үчүн Amazon сервисин колдоно баштаган.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун активисти Владислав Здольников билдиргендей, формалдуу түрдө Amazon IP-адрестерин чектөө менен Телеграм мессенжерин жабуу боюнча соттун чечиминин түз байланышы жок. Бул бүтүмдү Орусия Башкы прокуратурасы кабыл алган. Буга чейин Роскомнадзор Amazon, Google жана Telegram мессенжеринин бир нече доменин тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизген.

Дүйшөбүдө Орусияда соттун чечими менен Телеграмга кирүүгө бөгөт коюла баштаган. Мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров “орусиялыктардын купуя кат алышуу укугу” үчүн күрөшөрүн билдирген. Анын айтымында, Телеграм жабылса, Орусиядагы улуттук коопсуздуктун деңгээли төмөндөйт.

Amazon америкалык компаниясы товар жана кызматтарды Интернет аркылуу саткан ири сервис болуп эсептелет. Компаниянын АКШдан башка Бразилия, Канада, Улуу Британия, Германия, Жапония, Франция, Италия, Испания, Индия жана Китайда филиалдары бар.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий