• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Роспотребнадзор Тажикстандагы эпидемиологиялык абалга баа берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана жыргалчылыгын коргоо боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) эпидемиологиялык абалга байкоо жүргүзүү үчүн Тажикстанга келет. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Тажикстан бийлиги 2021-жылдын январь айында өлкөдө коронавирус инфекциясы менен ооругандар дээрлик жок калганын жарыялаган.

Россия өкмөтү Душанбени “COVID-19суз саякатта” тиркемесине кошулууну сунуштоодо. Бул тиркеме аркылуу QR-код түрүндө жарандын ковид макамы аныкталат.

Ал ортодо тажик мигранттары Россия менен Тажикстандын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын калыбына келишин күтүп жатышат. Азырынча эки өлкөнүн авиациялык бийликтери бул маселе боюнча бир пикирге келе элек.

Пикир

Оставить комментарий