• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Россия апрелден тартып Тажикстан менен ырааттуу аба каттамдарын жандандырат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Россия апрелден тартып Германия, Өзбекстан, Тажикстан, Венесуэла, Сирия жана Шри-Ланка менен туруктуу аба каттамдарын жандандырат.

Россия өкмөтү бул чечимди аталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алды.

Россия өкмөтүнүн вице-премьер министри Татьяна Голикова коронавирус пандемиясы менен күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында 1-апрелден баштап Тажикстан менен туруктуу аба каттамдары уюштурула турганын айтты. Азырынча Москва-Душанбе-Москва багыты боюнча жумасына бир жолу учак каттайт.

Ыкчам штаб Россияга кирер алдында жүргүнчүлөрдөн 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынарын белгилейт.

Коронавирус пандемиясынан улам Россия 2020-жылы 27-мартта башка өлкөлөр менен ырааттуу жана чартердик аба каттамдарын токтоткон. Жүк ташуу жана санитардык учууларга чектөө киргизилген эмес. Августтан кийин Россия айрым мамлекеттер менен аба каттамдарын калыбына келтирген.

16-мартта Душанбеге Россиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин адистери өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абалга баа берүү үчүн келишкен. Анда россиялык адистер кырдаалга баа берип кеткенден кийин Россия чек араларды ачып, туруктуу аба каттамдарын жандандыруу боюнча чечим кабыл ала турганы күтүлүп жатканы кабарланган.

Ушул тапта Тажикстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттар жана Өзбекстан менен ырааттуу аба каттамдарын уюштурууда. Бирок эмгек мигранттарынын көбү Россия аба жолунун ачылышын күтүп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий