• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда автоунаасы бузулуп суукта жолдо калган 9 кыргыз жараны куткарылды

Коом 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Россиянын Тюмен облусунда автоунаасы бузулуп, 30 градус суукта жолдо калган 9 кыргыз жараны куткарылды. Бул тууралуу облустун Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгы кабарлады.

31-январда Тюмень-Ханты-Мансийск жолунун 410-чакырымында кичи автобустун генератору иштен чыгып, аккумулятор отуруп, жүргүнчүлөрү менен суукта жолдо калган.

Унаанын айдоочусу куткаруу кызматы чалып жардам сураган.

Келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары суукта калган адамдарды жылынууга жана машинаны оңдоого боло турган жерге жеткиришкен.

Маалыматка ылайык, 9 кыргыз жараны – беш аял жана төрт эркек – Россияга тууганынын үйлөнүү тоюна баратышкан.

Пикир

Оставить комментарий