• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Россия бензиндин баасын көтөрсө, биз жогорулатууга мажбур болобуз”. КР нефтетрейдерлери сунуштаган чаралар

Экономика 0

Бишкек, 05.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Былтыркы жылдын соңунан бери күйүүчү-майлоочу майга болгон баа өсүп, мунайдын бир баррели 40-80 долларга чейин жогорулады. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан тарта бир катар чаралар көрүлдү: чыгымдар кыскартылды, кирешелер бир пайыздан ашкан жок, эки айлык запас кармалууда.

“Кыргызстанга Россиядан бензинди алып келүүлөр жыл башынан бери 130 пайызга жогорулады, май куюучу жайлардагы чекене баа 59 пайызга өстү. Ал эми дизель отуну дүң баа 70 пайызга, чекене баа 40 пайызга көтөрүлдү”, - дейт ал.

Эшатов мындай таңкыстык коңшу өлкөлөрдө да байкалып жатканын айтат.

“Казакстанда бензиндин наркы бизге караганда арзан. Алар жыл сайын чоң көлөмдө нефтини биржа аркылуу сатып, андан түшкөн каражатка заводдогу чыгымдарды жаап коет. Бирок ага карабай Казакстан, Өзбекстандын Ташкент шаарында дизель отуну жок болууда. Белгилей кетсем, Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдору бензиндин дүң баасын көтөрө турган болсо, Кыргызстандын нефтетрейдерлери чекене бааны дагы жогорулатууга мажбур болот. Мындан улам Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасын түшүрүү үчүн министрлер кабинетине кайрылган”, - дейт ал.

Аталган ассоциациясынын президенти министрлер кабинетине бир катар чараларды сунуштаганын белгилейт:

- убактылуу акциздик салыктарды төмөндөтүү;
- дизелдик отунду импорттоону жана берүүнү КНСтен бошотуу.

“Бул чаралар бензиндин чекене баасын - бир литрин 3,70 сомго жана дизелдик күйүүчү майдын баасын учурдагы баанын деңгээлинен 4,8 сомго төмөндөтөт”, - деп маалымдады Эшатов.

Пикир

Оставить комментарий