• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Россия COVID-19га байланыштуу киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат

Дүйнө 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Россия 15-июлдан тарта COVID-19га байланыштуу 2020-жылы мартта киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат. Ошол эле маалда өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөр үчүн (беларустардан башка) ПЧР-тест тапшыруу талабы күчүндө калат.

Россия деңиз жана аба каттамдары менен келген жарандар үчүн чек ара пункттарындагы чектөөлөрдү 14-июнда эле алган.

1-июлда Роспотребнадзор коронавируска байланыштуу коомдук тамактануучу жайлардын түнкүсүн иштөөсүнө, ошондой эле жапырт иш-чараларды жана митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып, беткап режимин жойгон.

Мекеме бул чечимин COVID-19 жуктаргандардын саны төрт айдан бери туруктуу түрдө азайып жатканы менен түшүндүрүп, бирок эпидемиологиялык абал начарласа чектөөлөр кайра киргизилерин эскерткен.

Дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматына караганда, акыркы бир жуманын ичинде дүйнөдө коронавирус жуктурган 4 миллиондон ашык жаңы учур катталды. Бул аралыкта Жакынкы Чыгышта COVID-19 жуктургандардын саны 47%, Европада 30% өстү.

Пикир

Оставить комментарий