• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны боюнча бешинчи орунга чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Россия дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны боюнча бешинчи орунга чыкты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, Россияда илдетти 177 миң 160 адам жуктурган. Бирок ошол эле учурда коронавирустан 23 миң 803 жаран айыккан. Каза болгондордун саны 1 миң 625 адамды түзөт.

Ал эми дүйнөдө коронавирусту АКШда 1 млн 228 миң 609, Испанияда 220 миң 325, Италияда 214 миң 457, Улуу Британияда 202 миң 359, Францияда 174 миң 224, Германияда 168 миң 162, Түркияда 131 миң 744, Бразилияда 126 миң 611 жаран жуктурган.

Дүйнө жүзү боюнча илдетке 3 млн 766 миң 394 адам кабылса, 1 млн 248 миң 874 жаран айыккан. Ал эми 263 миң 983ү каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий