• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Россия дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Россияда коронавирус жуктурган 10 миң 899 учур катталды. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Россияда 232 миң 243 жаран коронавируска кабылды. Россия дүйнөдө илдетти жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Учурда АКШ 1,347 учуру менен биринчи орунда турат.

Сутка ичинде COVID-19 инфекциясы Россиянын 83 аймагында катталган. Алардын ичинен 5 миң 392си Москва шаарында аныкталган. Ал эми шаарда жалпы 121 миң 301 жаран ооруну жуктурган. Ошондой эле Москва облусунда 1 миң 63, Нижегород облусунда 354 жана Петербургда 339 учур катталган.

Каза болгондордун жалпы саны 2 миң 116 адамга жетти. Вирустан 43 миң 512 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий