• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия эл аралык спорттук мелдештерден эки жылга четтетилди

Дүйнө 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Спорттук арбитраждык сот (CAS) Россияны эл аралык мелдештерден эки жылга четтетүү тууралуу Дүйнөлүк кызытмага каршы агенттиктин (WADA) чечимин колдоду.

Арбитраждык соттун билдирүүсүндө Россиянын кызытмага каршы агенттиги Москвадагы мурдагы антидопинг лабораториясындагы түп нуска жана негизги аналитикалык маалыматтарды бербей, Дүйнөлүк кызытмага каршы кодексти бузганы белгиленген.

Соттун чечимине ылайык, орус спортчулары өз өлкөсүнүн туусунун алдында 2021-жылдагы Токиодо өтчү Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, 2022-жылы Катардагы футбол боюнча чемпионатка катышуу укугунан ажырады.

WADA 2019-жылы Россияны төрт жылга эл аралык мелдештерден, анын ичинде Олимпиададан жана дүйнө чемпионаттарынан четтеткен. Ага ылайык, кызытма колдонбогонун далилдеген «таза» атлеттер бейтарап желек алдында жарыша алышат. Орусиянын мамлекеттик желегине жана гимнине тыюу салынган.

Бир добуштан кабыл алынган чечимге орус спортундагы кызытма эрежелеринин масштабдуу бузулушу, Москвадагы лабораторияда сакталган маалыматтарды бурмалоо аракети себеп болгон.

Россиянын президенти Владимир Путин бул маселе саясатташып жатканын, чечимге каршы апелляциялык арыз берилерин айткан.

Росссия спортундагы кызытма чуусу бир нече жылдан бери уланып келатат. Орусиянын бийлиги кызытма программасы мамлекеттик деңгээлде тескелгени тууралуу дооматтарды четке кагууда.

Пикир

Оставить комментарий