• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россия элчиси Удовиченко Абдрахматованы КР Акыйкатчысы кызматына шайланышы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Виктор Харченко менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Виктор Харченко Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун куттуктоо катын Атыр Абдрахматовага тапшырды, куттуктоо анын Акыйкатчы кызмат ордуна шайланышына байланыштуу жолдонгон.

«Урматтуу Атыр Болотбековна, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна шайланышыңызга байланыштуу менин чын пейилден куттуктоолорумду кабыл алып коюңуз! Мындай жогорку жана жооптуу кызмат ордундагы Сиздин ишмердигиңиз Кыргызстанда жалпы жарандык бейпилдик жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого шарт түзөөрүнө ишеним билдирем».

Урматтуу Атыр Болотбековна, Сизге бекем ден соолук, жыргалчылык жана бардык жакшылыктарды каалайм!” - деп жазылган куттуктоо катында.

Андан кийин Атыр Абдрахматова жана Виктор Харченко Россияда жүргөн кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашты, ошондой эле андан ары кызматташуу пландары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий