• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россия «Евровидение» сынагына Little Big тобун жөнөтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. 2020-жылы «Евровидение» ыр сынагына Россиянын атынан Little Big тобу катышат. Биринчи каналдын билдиришинче, конкурста аткарыла турган ыр кийинчерээк жарыкка чыгат.

Топ көбүнчө тамашалуу ырлары менен белгилүү, анын Skibidi клиби Youtube видеохостингинде 360 миллион жолу көрүлгөн.

"Евровидение" сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Россия бир жолу гана– 2008-жылы жеңишке жеткен. Сынакка Дима Билан катышып, “Believe” ырын аткарган.

Бул жылы сынак 12-16-май аралыгында Нидерланддын Роттердам шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий