• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россия Фергана облусунда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди киргизүүгө уруксат берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) Фергана облусунан келген помидор менен калемпирден башка бардык өсүмдүктөрдү киргизүүгө уруксат берди.

Россия Фергана облусунда өстүрүлгөн помидор менен калемпирди 2020-жылдын 26-ноябрынан бери кабыл албай калган. Буга помидордон вирус табылганы себеп болгон.

Кийин Россияга жеткирилген кургатылган өрүктөн капр коңузу табылып, 2020-жылы 11-декабрда Фергана облусунда өндүрүлгөн бардык өсүмдүктүн түрүн сатып алууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий