• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россия ИИМи кыргыз кесиптештерине транспорт каражаттарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстанга Россиянын Ички иштер министрлигинин атынан транспорт каражаттарын өткөрүп берүү иш-чарасы өттү.

КР ИИМнен билдиришкендей, иш-чарага КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Вадим Гусев, Россиянын ИИМнин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Борис Яковченко, Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм башчысы Мария Вислогузова, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм башчысы Павел Юлин, ИИМдин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов катышты.

Жаңы унаалар Кыргызстандын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдоого арналган жана ички иштер органдарынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүн бекемдөөдө, кылмыштын башка түрлөрүн ачууда кызмат кылат.

Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана “Газель NEXT Автобус” үлгүсүндөгү эки спринтер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий