• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

РФ ИИМи өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-сентябрдан кийин депортацияланарын эскертти

Дүйнө 0

Бишкек, 30.09.21./Кабар/. Россиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова 30-сентябрдан кийин полиция өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга карата чараларды көрө баштай турганын эскертти.

Быйыл 15-июнда Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылган.

Россиянын мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов "Коммерсант" басылмасына берген маегинде акыркы күндөрү миграциялык борборлордо кезекте тургандар көп болуп жатканын белгиледи.

"Жарандык көмөктөшүү" комитетинин жетекчиси Светлана Ганнушкина аларга Россиянын аймагында жүргөнүн мыйзамдаштырып, талап кылынган бардык жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткара албаган мигранттардан жүздөгөн кайрылуулар түшүп жатканын билдирди. Алардын арасында талибдер бийликке келген маалда Россияда жүргөн ооган жарандары көп.

"Коммерсант" басылмасы Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеевге жана өзүнүн бир нече булактарына шилтеме кылып, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт дагы узартылышы мүмкүн экенин жазды.

Россия ИИМинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө Өзбекстандын 332 миңден ашык, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий