• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан жана Россия илимдер академиялары кызматташат

Коом 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. 11 августта КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту жана Н. Н. Миклухо-Маклай атындагы Россия илимдер академиясынын Этнология жана антропология институту илимий кызматташуу жөнүндө Келишимге кол коюшту. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бул документке кол коюу маалында Этнология жана антропология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Марина Юрьевна Мартынова эки мекеменин ортосундагы кызматташуусуна, анын ичинде адистик боюнча окшош проблемаларды изилдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп кетти. “Коомдук, эл аралык уюмдардын, анын ичинде Евразия элдеринин Ассамблеясынын кабыл алган чечимдери илимий пайдубалга ээ болушу керек” – деген оюн билдирди окумуштуу.

КР УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.С.Жуматаевдин жана Тарых жана маданий мурас институтунун директору А.Асанкановдун Россиялык коллегасы менен жолугушуусунда биргелешкен археологиялык иштер, изилдөөлөр, илимий кадрларды өстүрүү, Кыргызстан менен Россиянын тарыхый байланыштары жөнүндө пикир алмашты. Ошондой эле, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү россиялык коллегаларды Улуу Октябрь Революциясынын 100 жылдыгына арналган, ушул жылдын ноябрь айында өткөрүлчү Эл аралык конференцияга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий