• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россия күнүнө карата Бишкекте майрамдык онлайн концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. 12-июнь күнү саат 11:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россия күнүнө карата майрамдык онлайн концерт өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Концерт Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Россиянын КМШ өлкөлөрү, чет жерде жашаган мекендештер, эл аралык гуманитардык кызматташтык иштери боюнча федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында өтөт.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу концерт көрүүчүлөрсүз өтөт, бирок ал “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана анын интернеттеги баракчалары аркылуу көрсөтүлөт.

Концертте кыргызстандык жана россиялык ырчылар, чыгармачылк топттор өз өнөрүн тартуулайт.

Россиялык артисттердин катарында Россиянын эл артисти Надежда Крыгина, эмгек сиңирген артисттери Валерий Семин жана Нина Шацкая, Татарстандын эмгек сиңирген артисти Альберт Жалилов, эл аралык сынактардын лауреаты Евгений Южин, Л. Зыкина атындагы “Россия” мамлекеттик академиялык орус элдик ансамбли жана Алтай аймагынын мамлекеттик филармониясынын Г. Полевой атындагы “Огоньки” мамлекеттик бий ансамблинин аспаптык тобу (Барнаул шаары) болот.

“Достук ырлары” аттуу концертке Кыргызстандан “Семетей”, “Шаттык” ансамбли, “Сувенир” орус ырлар ансамбли, “Акак” комузчулар ансамбли, Кыргызтандын эл артисттери Султан Каримов жана Замира Мавлянова, эмгек сиңирген артисттери Жылдыз Осмоналиева, Юлия Руцкая, Бакыт Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, Шайгүл Алсеитова, Каныкей Раималиева, Кайрат Примбердиев, эл аралык сынактардын лауреаттары Ирина Рыбина, Миран Жанарбаев, Адис Ардинатов, Мария Наумова, Оксана Шутова, Данияр Дөөлөтбаков, Орозбек Бакытов, Нуржигит Асанов, Акмаанай Эшбаева катышат.

Идеянын автору жана концерттин режиссеру – Бишкектеги Россиялык илим жана маданият борборунун маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов.

Пикир

Оставить комментарий