• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия көрсөткөн жардам пандемия учурунда оор абалдан чыгууга көмөктөштү - КР Дарыгерлер жана педиатрлар асссоциациясынын башчысы

Коом 0

Коронавируска каршы күрөш көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, алардын бири - саламаттык сактоо тармагы. Медициналык мекемелер жана дарыгерлер бейтаптардын мындай агымына даяр эмес болду. Коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн ылайыктуу алгоритм убагында түзүлбөгөндүктөн кырдаал курчуп кетти. Натыйжада жай мезгилинде бейтаптардын саны кескин көбөйдү. Мындан улам 1-июлда өлкөгө Россиядан биринчи аскер дарыгерлери келишкен. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Роспотребнадзордун милдети болуп Кыргызстандагы кырдаалды баалап, муктаждыктарды талдоо менен чечимдерди сунуш кылуу болду. Россиялык адистердин кийинки тобу 22-июлда, Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген үчүнчү топ 23-июлда келген. Дарыгерлер менен бирге Кыргызстанга медициналык жабдуулар жана дары-дармектер келген.

Миссия аяктаган соң эксперттер жамааты "Коронавирус менен күрөшүү: Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга Россиянын колдоосу" аталышындагы онлайн-брифинг өткөрүп, учурдагы кырдаалды талкуулоону чечишкен.

КР Дарыгерлер жана педиатрлар ассоциациясынын башчысы Бактыгүл Жумакулова Россиядан келген дарыгерлер жергиликтүү медиктерге гана жардам бербестен пандемия учурунда оор абалдан чыгууга көмөктөшкөнүн айтат.

“Биздин муун СССРдин тушунда тарбиялангандыктан бизди бөлүүгө болбойт. Көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгымды айткым келет. ЖМКлар Россиядан дарыгерлер келе жатканын жаза баштаганда коом акырындык менен оор абалдан чыга баштады. Жарандар практикалык жардамга муктаж эле. Эң башынан тартып биздин дарыгерлер үчүн өтө оор сыноо болду. Өлүмдүн жогорку деңгээли мамлекеттин пандемияга даяр эместигинен улам келип чыккан. Дарыгерлер колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушту”, - дейт Жумакулова.

Пикир

Оставить комментарий