• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун долбооруна катышууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Россия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбооруна катышууга кызыкдар. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.

Султанбеков учурда бул маселе толук чечиле электигин белгилеп, орус тарап долбоорго катышууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 8-июнунда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берген.

“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

Пикир

Оставить комментарий