• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Россия” кинофестивалында кыргызстандык “Күн карама” тасмасы сыйлыкка татыды

Коом 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. 28-ноябрда Екатеринбург шаарында 31-“Россия” ачык документалдык кинофестивалынын расмий жабылуу аземи өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага уюштуруучулардын чакыруусу менен КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Нурлан Алымбеков катышты.

Чет өлкөлөрдөн жана Россиянын региондорунан фильмдердин авторлору катышкан конкурстук программанын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык режиссер жана оператор Чыңгыз Сулумбековдун «Подсолнух» (“Күн карама”) тасмасы калыстар тобунун “За яркий дебют” (“Көрүнүктүү дебют”) атайын сыйлыгына татыды.

Фестивалдын бул сыйлыгы таланттуу мекендешибиздин ордуна консул Н.Алымбековго тапшырылды, анткени фильмдин автору Ч.Сулумбеков Екатеринбургга эпидемиологиялык кырдаалдан улам келе алган жок.

“Продвижение” регионалдык телеканалынын башкы директору А.Ушаков кыргызстандык режиссерго “Подсолнух” тасмасын телеканалдын эфиринде көрсөтүүгө укук берген сертификат тапшырды.

Өз кезегинде Н.Алымбеков фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, бардык катышуучуларга жана сыйлык ээлерине чыгармачылык ийгиликтерди каалап, мындай кинофорумдар жаш муунду адеп-ахлакка тарбиялоо, фестивалга катышкан өлкөлөр арасындагы маданий жана улуттар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Диплом менен сертификат фильмдин автору Ч.Сулумбековго жакын арада жөнөтүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий