• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия киносунун жумалыгына карата Бишкекке легендарлуу актёрлор келишти

Маданият 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда Россия киносунун жумалыгы өтөт. Легендарлуу орусиялык киноактёрлор бүгүн эртең менен Кыргызстанга учуп келишкенин коомдук ишмер, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Кино жумалыгы 20-24-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарынын башкы кинотеатрында өтөт. “Биринчи мугалим”, “Елки”, “Крик совы” тасмаларынын актёрлору күйөрмандары менен жолугушууну күтүшүүдө.

Наталья Аринбасарова, Павел Шевандо, Сергей Пускепалис, Дмитрий Ткаченко, Елена Лебедева, Елена Кондулайнен, Николай Горшков иш-чаранын коноктору болушат.

Иш-чараны Россия тараптан маданият министрлиги, Кыргызстан тараптан Assol кайрымдуулук фонду уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий