• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россия өкмөтү отставкага кетти, премьер-министрликке Мишустиндин талапкерлиги көрсөтүлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин РФ өкмөт башчылыгына Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт. Буга чейин ал инвестициялык бизнесте жана өкмөттө иштеген.

2014-жылы Forbes журналы анын аялын 160 миллион рубль жылдык кирешеси менен аткаминерлердин эң бай жубайлары рейтингине киргизген.

Мишустин Түнкү хоккей лигасында ойнойт. Спорттун бул түрүнө Россиянын президенти да кызыгары белгилүү.

Россия өкмөтү 15-январь күнү кечинде отставкага кеткен. Андан бир нече саат мурун Владимир Путин Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуусун жасап, Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаган. Ал президенттин айрым ыйгарым укуктарын парламентке жана Мамлекеттик кеңешке өткөрүп берүү зарылдыгын айткан.

Россия өкмөтүнүн азыркы курамы 2018-жылы түзүлгөн. Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп келген. Ал 2008-2012-жылдары президенттик кызматты аркалаган, анда өкмөттү Путин башкарган.

Пикир

Оставить комментарий