• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча сап башында турат

Дүйнө 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча сап башында турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, Россияда коронавирусту 32 миң 8 адам (каза тапкандар – 273), Украинада 5 миң 106 (каза тапкандар – 133), Беларуста 4 миң 779 (каза тапкандар – 42), Молдовада 2 миң 264 (каза тапкандар – 56), Казакстанда 1 миң 591 (каза тапкандар – 17), Өзбекстанда 1 миң 450 (каза тапкандар – 4), Азербайжанда 1 миң 340 (каза тапкандар – 15), Арменияда 1 миң 201 (каза тапкандар – 19) жана Кыргызстанда 506 (каза тапкандар – 5) адам жуктурган.

Ал эми Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирусту 2 млн 249 миң 717 адам жуктурса, 570 миң 296 адам илдеттен айыккан. Каза болгондордун саны 154 миң 271ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий