• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россия командасы Хорватияга жеңилип жарым финалга чыкпай калды

Спорт 0

Бишкек, 08.07.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын чейрек финалында Хорватия менен Россиянын курама командалары арасында оюн өттү.Оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталса, пенальтиде 4:3 эсебинде Хорватия жеңип алды.

Оюндун 31-мүнөтүндө Черышевдин узактан тепкен тобу голго айланды. 39-мүнөтүндө Манджукичтин чыгарган тобун Крамарич башы менен сүзүп гол жаратты. Эсеп 1:1 менен бүткөндүктөн экстра тайм берилди.

Экстра таймдын 100-мүнөтүндө бурчтан көтөрүлгөн топту хорватиялык Вида башы менен сүзүп өз командасын алдыга чыгарды. 115-мүнөтүндө айып соккусу белгиленди. Дзагоевдин көтөргөн тобун Фернандес сүзүп эсепти 2:2ге айлантты.

Оюн пенальтиге жетти. Пенальтиде Акинфеев менен Хорватиянын дарбазачысы Субашич бир-бирден топту тосушту. Бирок, Россиянын оюнчусу Фернандес 11 метр аралыктан тепкен тобу дарбазанын сыртынан өтүп кетти. Пенальти 4:3 эсебинде аяктагандыктан Хорватия жарым финалга жолдомо алды.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 11-июлда саат 00:00дө Франция менен Бельгиянын курама командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий